Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Того Республикасынын Министрлер кеңешинин Төрагасы Фор Эссозимна Гнассингбе жетектеген делегация менен жолугушту. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, парламент имаратында өткөн сүйлөшүүдө тараптар Кыргызстан менен Того ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүү жана парламенттер аралык байланыштарды өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.
Жолугушуунун башында Марлен Маматалиев делегацияны Того Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктап, Кыргызстанга жасалган алгачкы расмий сапардын маанисин белгиледи. Ал бул сапар эки өлкө ортосундагы кызматташтыктын жаңы барагын ачарына ишеним билдирди.
Өз кезегинде Фор Эссозимна Гнассингбе Того парламенттик башкарууга өткөнүн белгилеп, парламенттик дипломатия мамлекеттер аралык мамилелерде маанилүү роль ойной турганын айтты. Ал кыргыз парламенти менен бардык багыттарда кызматташууга кызыкдар экенин кошумчалады.
Мындан тышкары тараптар санариптештирүү, тажрыйба алмашуу жана жарандар ортосундагы байланышты чыңдоо маселелерине да токтолушту.
Жолугушуунун соңунда төрага делегацияны Жогорку Кеңештин жыйындар залы менен тааныштырып, парламенттин ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берди.