Бүгүн, 3-февралда саат 23:15те “Супер концерт-2013” КТРК аркылуу көрсөтүлөт. Концертте көптөгөн кызыктуу сүрөттөлүштөргө күбө боло аласыз. Сиз көрүп, угушуңуз керек болгон күлкү, жылдын хит ырлары, атүгүл ый да бар. Ооба, кубанычтан аккан көз жаш...
“Супер сулуу-2013” сынагына катышкан биринен бири сулуу 14 кызга, алардын аткаруусундагы чыгыш бийине жана бийкечтердин кошумча өнөрлөрүнө көз салып, бир суктанып коюңуз. Сулуулар арасында Орункүл Шабралиева жеңишке жетишип, кымбат баалуу таштар менен шөкөттөлгөн таажыны тагынды жана Шри-Ланкага жолдомо алды. Бул кечте “Супер-Инфо” гезити кимдерди “Супер” деп тапканын көрө аласыз. Айтор, айтчу сөз көп. Болгону өткөрүп жибербеңиз...