Кечээ, 20-октябрда президент Садыр Жапаров жаңы “Мадина” базарына пландан тышкары барып, соодагерлер менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, мамлекет башчысы жаңы базардагы соода түйүндөрүн көрүп чыкты. Ишкерлер президентке өздөрүн тынчсыздандырган маселелерин айтып, ижара акысын төмөндөтүп берүүнү суранышты.
"Жаңы базар курулуп жаткан жер тилкесине ээлик кылган ишкер долбоорду аягына чыгара албай калып, аны өз ыктыяры менен мамлекетке өткөрүп берген. Ошол эле учурда анын салган каражаты базар киреше бере баштагандан кийин этап-этабы менен кайтарылат. Учурда президенттин Иш башкармалыгы базарды ачууга даярдык көрүү иштерин аяктап жатат",- деп белгиленди маалыматта.
Мындан тышкары, соодагерлер көйгөйлөрүнө көңүл бурганы үчүн президентке ыраазычылык билдирип, буга чейин жаңы базар мамлекет башчысынын жакын туугандарына таандык деген туура эмес маалымат алышканын белгилешти.
Жаңы базардын администрациясынын маалыматына ылайык, соодагерлердин 90 пайызга жакыны жаңы соода орундарына көчүп барган. Президент ноябрь айынын башына чейин жаңы базар толугу менен штаттык режимде иштеши керектигин билдирди.