Франциянын Лимож аймагында массалык нааразычылык акциялары учурунда эки милиция кызматкери "Lacoste" дүкөнүнөн эки кроссовки алып, кызматтык мотоциклиндеги баштыкка салып жатканы видеого түшүп калды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, видеодогу полиция кызматкерлеринин өздүгү аныкталды. Бут кийимдер тергөө иштери үчүн алынып, кайра дүкөнгө кайтарыла турганы маалым болду.
Эскерте кетсек, өлкөдө болуп жаткан нааразычылык акцияларынан улам 2400гө жакын адам кармалган жана айрымдагы абакка киргизилди. Ошондой эле тополоңчулар кеминде үч миң соода объектин талкалашканы белгилүү болду.