Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча Улуттук гвардиянын аскер бөлүгүнүн командири кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 21-октябрда УКМКнын маалымат борбору билдирди.
Маалым болгондой, 20-октябрда атайын кызмат Аскер прокуратурасы менен биргеликте Коргоо министрлигинин Улуттук гвардиясынын аскер бөлүктөрүнүн биринин командири И.А.нын жеке үйүнүн курулушуна өзүнө баш ийген келишимдик негизде кызмат өтөгөн аскер кызматкерлерин системдүү түрдө тартуу фактысын аныктады. Курулуш иштерине тартылган аскер кызматкерлеринин арасында аскер бөлүгүндө суткалык кезметте турган адамдар да болгону кошумчаланды.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыш иши козголду. Шектүү Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.