Биз социалдык тармакта

Бишкектеги эски аянтта 3 күн айыл чарба жарманкеси өтөт 

Бишкекте "Агротехэкспо-2026" жана "Алтын күз" көргөзмө-жарманкесине даярдык башталды. Бул тууралуу бүгүн, 21-октябрда Айыл чарба министрлиги билдирди.

Маалым болгондой, көргөзмө 23-25-октябрь күндөрү саат 9:00дөн 18:00гө чейин өтөт. Иш-чара жыл сайын салтка айлангандай айыл чарба кызматкерлеринин күнүн утурлай уюштурулууда.

"Агротехэкспо-2026" көргөзмөсүндө атайын айыл-чарба менен алектенген жарандарга керектелүүчү жабдыктар, техникалар жана асыл тукум чарбанын эң мыкты жетишкендиктери көрсөтүлөт. Ал эми "Алтын күз" жарманкесинде Кыргызстандын бардык аймагынан келген фермерлердин жана ата-мекендик өндүрүүчүлөрдүн азык-түлүк продукциялары сатылат. Иш-чарага байланыштуу Раззаков жана Орозбеков көчөлөрүндө жол кыймылына убактылуу чектөө киргизилет",- деп билдирди мекеме.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан