Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 21-октябрда өтүп жаткан республикалык кеңешмеде мамлекеттик саясаттын беш принциби бар экенин айтты.
Президент белгилеген принциптер:
- Мамлекет социалдык-экономикалык өзгөрүүлөрдүн стратеги жана архитектору катары иш алып барышы керек.
- Эркин жана ишкерлик менен алектенген жарандардын мамлекетке ишенимин арттыруу үчүн жеке менчикти коргоо башкы эреже болушу шарт.
- Социалдык саясаттын көңүл чордонунда ар дайым үй-бүлө жана бала турушу зарыл.
- Ачык-айкын, жоопкерчилик менен салык төлөгөн ишкерлер ар тараптан коргоого алынышы кажет.
- Ар бир райондо жумуш орундарын түзүү, өлкөнүн өсүүсүнө мүмкүнчүлүк берүү зарыл.