Өлкөдө 1-октябрга карата жүгүртүүдөгү акчанын жалпы суммасы 324 миллиард сомдон ашты. Бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда 29 миллиард 583 миллион сомго же 11,2 пайызга көп.
Улуттук банктын 20-октябрдагы маалыматы боюнча, жүгүртүүдөгү акчанын 30 миллиард 874,6 миллион сому коммерциялык банктардын кассаларында, ал эми 293 миллиард 125,6 миллион сому банк тутумунан тышкары.