16-19-октябрда Румынияда өткөн "Stelele Informaticii 2026" эл аралык информатика олимпиадасында кыргызстандык окуучулар төрт медаль жана бир Ардак грамота жеңип алышты. Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, мелдешке 23 өлкөдөн 200дөн ашуун окуучу катышты.
Кыргызстандын атынан сегиз окуучу онлайн форматта, видеокөзөмөл астында күч сынашты. Азирет Исраилов менен Эмирхан Сыдыкбаев күмүш, Бектен Абдувалиев менен Таалим Турумбеков коло медаль тагынышты. Атай Өмүрбеков Ардак грамотага ээ болду. Ал эми Гүлжигит Курбанбеков, Бекжан Осмонов жана Айназик Жусупова олимпиадага катышкандыгы үчүн сертификат алышты.