Кечээ, 20-октябрда Бишкек шаарындагы Шералиев көчөсүндө 4 унаа катышкан жол кырсыгы катталды. Маалыматты Милициянын кайгуул кызматы тастыктады.
Маалымдалгандай, BMW үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай, каршы тилкедеги Honda Civic үлгүсүндөгү унаа менен кагылышкан. Кагылышуунун кесепетинен Honda Civic унаасы Nissan Bluebird үлгүсүндөгү унаа менен кагылышып, андан соң токтоп турган Mazda 3 үлгүсүндөгү унааны сүзгөн.
Жол кырсыгынан 6 адам ар кандай жаракаттарды алып, ооруканага кайрылды. Учурда жол кырсыгынын бардык жагдайлары такталууда.