Биз социалдык тармакта

Боз үй формасындагы мечит элдин жардамы менен салынмакчы (видео)

"Манас" эл аралык аба майданында өзгөчө архитектуралык стили менен айырмаланган жаңы мечиттин курулушу жарандардын ыктыярдуу кайрымдуулук каражаттарынын эсебинен каржыланат.
"Кыргызстан аэропорттору" ишканасы маалымдагандай, ар бир каалоочу аталган долбоордун ишке ашырылышына өз салымын кошо алат. Имарат улуттук колорит менен айкалыштырылган өзгөчө неостилде курулат. Долбоор боюнча мечиттин жалпы аянты 1500 чарчы метрди түзүп, 2000ден ашуун адамды кабыл алууга ылайыкталган.
Курулуш иштерин жыл аягында баштоо, ал эми 2027-жылдын аягына чейин толук бүтүрүү пландалууда.
Боз үй формасындагы мечит элдин жардамы менен салынмакчы
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан