Биз социалдык тармакта

"Артта калбашыбыз керек". Депутат атомдук электр станциясын курууну сунуштады (видео)

Жогорку Кеңештин депутаты Улан Примов өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун камсыздоо үчүн атомдук электр станциясын куруу керектигин айтты.

Эл өкүлү гидроэнергетика тармагынын келечеги 50-100 жылдан кийин суроо жаратарын белгиледи.

"Азыртадан баштап атомдук электр станциясын куруу боюнча иштерди башташыбыз керек. Мына, Казакстан кийинки жылдан баштап курулушун баштаганы турат. Өзбекстанда болсо, курулуп жатат. Биз Борбор Азиядан артта калбашыбыз керек",- деди Примов.

Энергетика министри Алтынбек Рысбеков бул жаатта элдин макулдугун алуу үчүн түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керектигин айтты. Ал ошондой эле атомдук электр станция тармагы боюнча адистерди даярдоо маселеси бар экенин кошумчалады.

Депутат атомдук электр станциясын курууну сунуштады
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан