Бүгүн, 21-октябрда Франциянын ички иштер министри Лоран Нуньес 24-октябрга белгиленген жаңы нааразычылык акциясынын алдында Sentinelle армиялык күчтөрүн жардамга тартарын жарыялады. Бул тууралуу чет элдик басылмала жазып чыгышты.
Франция өкмөтү көчөлөрдө тартипти сактоо үчүн полиция кызматкерлерин бошотуу максатында стационардык объекттерди кайтарууга аскерлерди тартат.
Министр 17-октябрдагы нааразычылык акцияларында укук коргоо органдарынын ишинде алсыздыктар болгонун моюнга алып, мындан ары чачыранды жана тез кыймылдаган топторду кууп жетүү үчүн ыкчам жана мобилдүү тактика колдонуларын кошумчалады. Тартип орнотууга BRI, GIGN жана RAID атайын бөлүмдөрү, ошондой эле тик учактар, Centaure брондолгон унаалары менен суу аткыч куралдар даярдалат.
Мындан тышкары, кооптуу же алдын ала жарыяланбаган акцияларга, ал тургай уюштуруучулары тынч өтөрүнө кепилдик бербеген расмий жүрүштөргө да тыюу салынышы мүмкүн.
Бул чаралар Париж, Марсель жана Лион сыяктуу шаарларда жашоо наркынын өсүшүнө каршы өткөн, дүкөндөрдү тоноо менен коштолуп, бир күндө 2 миңдей адам кармалган ири баш аламандыктардан кийин кабыл алынганы кошумчаланды.