Биз социалдык тармакта

БШК шайлоо алдындагы үгүт иштерин бузган 3 жаранга эскертүү берди

Бүгүн, 21-октябрда Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссияда жумушчу топтун жыйыны өттү.

Мекеме маалымдагандай, шайлоо мыйзамдарынын талаптарына ылайык келбеген материалдарды жарыялаган социалдык тармактардын колдонуучулары Санжарбек Тилеков, Айбек Теңизбай жана Туратбек Мусакеевге эскертүү берилип, билдирүүлөрүн өчүрүү милдеттендирилди. Алар мындан ары мыйзамдардын талаптарын сактай турганын билдиришти.

Мекеме шайлоо алдындагы үгүт иштерин мыйзамда белгиленген мөөнөт башталганга чейин жүргүзүүгө тыюу салынарын эскертет. Анын ичинде социалдык тармактарда тиешелүү материалдарды жайгаштырууга да мүмкүн эместегин белгилейт.

Белгилей кетсек, президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январында өтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан