Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 21-октябрда өтүп жаткан республикалык кеңешмеде сот адилеттиги боюнча көйгөй бар экенин айтты.
Президент муну аймактарды кыдырып жүрүп байкаганын, себеби элдин даттануусунун көбү адилетсиздик боюнча болгонун белгиледи.
"Мыйзам алдында эч ким күчтүү да, алсыз да болбошу керек. Мыйзам алдында баары бирдей болушу шарт",- деген мамлекет башчысы адилеттүүлүктү камсыз кылуу үчүн сот коопсуздугу күчөтүлөрүн жана мыйзамсыз ишке барган сотторго катуу чара көрүлөрүн билдирди.