Кыргызстанда студенттер үчүн "Студенттик насыя" аталышындагы узак мөөнөттүү ыкма ишке киргизилет. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн, 21-октябрда Бишкекте өткөн республикалык кеңешмеде билдирди.
Анын айтымында, мектептерде STEM-билим берүү өнүктүрүлүп, чет өлкөлүк университеттер менен кызматташтык кеңейтилет. Ошондой эле Кыргызстанда эл аралык жогорку окуу жайлардын филиалдарын ачуу жана кош дипломдуу программаларды ишке ашыруу пландалууда.
Мындан тышкары, кесиптик билим берүү программалары эмгек рыногунун талабына ылайыкташтырылып, адистерди практикалык даярдоого басым жасалары айтылды.