Биз социалдык тармакта

"Асманда эмес". Депутат ГЭС боюнча кенемте адилеттүү каралышы керектигин айтты (видео)

Бүгүн, 21-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында Токтогул ГЭСин жана суу сактагычын курууда келтирилген зыяндын ордун толтуруу үчүн жылдык компенсацияны 70 миллион сомдон 358 миллион сомго чейин көбөйтүүнү сунуштаган мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.

Талкуу учурунда депутат Кубанычбек Самаков акыйкаттык үчүн Куланак жана Ат-Башы ГЭСтерине жакын жайгашкан айылдардын тургундарына да кенемте төлөнүшү керектигин айтты. Эл өкүлү мыйзам долбоорун экинчи окууга киргизүүдө бул демилгени кошуп коюуну сунуштады.

Долбоордун демилгечилеринин бири, депутат Болотбек Борбиев Токтогул суу сактагычы куруларда 26 конуш башка жакка көчүрүлгөнүн белгилеп, муну башка аймактар менен салыштырууга болбой турганын айтты.

Кубанычбек Самаков: "Нарындагы Куланак менен Ат-Башы ГЭСи асманда жайгашкан эмес. Ал жакта да сугат, айдоо жана жайыт жерлер суу астында калган".

Болотбек Борбиев: "26 айыл көчүрүлүп чыгарылган эмес да".

Кубанычбек Самаков: "Жерлер суу астында калган деп жатам, айыл жөнүндө сөз жок. Ошого жараша бизге да кенемте бергиле".

Борбиев: "Бул башка маселе".

Самаков: "Эмне себептен башка маселе. Жыл сайын 70 миллион сом алабыз деп жатасыңар. Нарында бир тыйын албайт. Кечирип коюңуз, мен сиздердин сумманы сураган жокмун. Ат-Башы ГЭСинин түбүндөгү чакан айылдын мектебин салып берип койгула. Кичине болсо дагы кенемте кылып, акча берип койгула деп жатам. Сиздердикин талашкан жокпуз. Ал жерде дагы кыргыздар жашайт. Кичине акыйкатсыздык болуп калбасын деп жатам".

Парламент төрагасы Марлен Маматалиев Самаковдун пикири туура экенин, бирок анын сунушу бул мыйзам долбооруна киргизилбей турганын, андыктан өзүнчө токтом долбоорун даярдоо керектигин айтты.

Депутат Нарынга да кенемте берилиши керектигин айтты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан