Биз социалдык тармакта

Балбак Түлөбаев Кытайдан таасирленген Төрөбаевдин идеясын колдоду (видео)

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Балбак Түлөбаев Бишкекке монорельс куруу ыңгайлуу экенин айтты.

Ал президенттин атайын тапшырмалар боюнча өкүлү Бакыт Төрөбаевдин Кытайдын Сиань шаарындагы BYD ишканасына барып, шаардын транспорттук инфраструктурасы менен таанышкандан кийинки бөлүшкөн оюн колдоду.

"Аны ал жакка президент жиберсе керек. Бишкекке монорельс куруу өтө жакшы чечим деп ойлойм. Себеби, биз чоң шаарлардай кылып, жолдорду талкалап, үйлөрдү сатып алуу менен жылдырып отурбайбыз, биз Бишкекти аралап өткөн Аламүдүн жана Ала-Арча дарыяларынын үстү менен алып өтөбүз. Муну Чоң Чүй каналына кошуп, андан ары бир жагын Кара-Балтага, бир жагын Балыкчыны көздөй созсо болот.

Ошон үчүн BYD компаниясы келсе, эки дарыянын үстүн көңүлгө алыш керек. Монорельс метрого караганда биз үчүн ыңгайлуу болот. Мен ишенем, бир күн келет, ошондо Балыкчыдан Ошко поезд менен барып келебиз. Бир күн келет, поезд менен Оштон Ысык-Көлгө келишет",- деди ал соцтармактагы баракчасы аркылуу жасаган билдирүүсүндө.

Эске салсак, Бишкекке монорельс куруу идеясы көп көтөрүлүп келет. Түлөбаев өзү да Бишкек шаарынын мэри болуп турганда бул идеянын активдүү демилгечиси болгон.

Балбак Түлөбаев Кытайдан таасирленген Төрөбаевдин идеясын колдоду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан