Бишкекте адам өлүмү менен коштолгон жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясы билдирди.
Маалыматка ылайык, карагаша бүгүн, 24-октябрда түнкү саат 01:50 чамасында Чыңгыз Айтматов менен Москва көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Анда Lexus LX 570 үлгүсүндөгү унаанын 25 жаштагы айдоочусу жол чырактын кызыл жанганына карабай өтүп, мотоскутер башкарып бара жаткан 16 жаштагы өспүрүм менен кагылышкан жана андан ары токтоп турган Weltmeister EX-5 үлгүсүндөгү унааны сүзгөн.
Натыйжада өспүрүм каза болгон. Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренеси (Автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды пайдалануунун коопсуздук эрежелерин бузуу) менен кылмыш иши козголгон.
Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда окуянын бардык жагдайларын аныктоого багытталган зарыл болгон тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.