Өлкө башчы Садыр Жапаров Тибет автономиялуу районунда болгон жер титирөөнүн кесепетинен адамдардын каза болушуна байланыштуу Кытайдын лидери Си Цзиньпинге көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү.
“Кыргызстан элинин жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып аза кайгысын тең бөлүшөм, жабыр тарткандардын тез сакайып кетишин каалайм”, - деп келтирет президенттин администрациясы мамлекет башчысынын телеграммасын.