Бишкек шаарынын мэриясында кадрдык дайындоолор болду. Бул тууралуу борбор калаа бийлиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, мэриянын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин директорунун орун басары Абдыжапаркул Жанболотовго аталган департаменттин директорунун милдеттерин убактылуу аткаруу жүктөлгөн. "Бишкек шаардык транспорт" муниципалдык ишканасынын директору болуп Артур Омурзаков дайындалган.
"Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасынын директору болуп Талантбек Капаров бекиген. Буга чейин ал "Бишкек шаардык транспорту" муниципалдык ишканасынын директору кызматынан бошотулган.