Кечээ, 29-октябрда Ысык-Көлдүн аймагынан 3100 метр эски синтетикалык балык уулоочу тор жана 40 килограмм таштанды чыгарылды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, тазалоо иштери менен катар Жаркымбаев, Өрүктү жана Чоң-Өрүктү айылдарынын аймагында браконьерликке каршы рейддер жүргүзүлдү.
Иш-чаралар Ысык-Көлдүн экологиясын сактоо жана браконьерликке бөгөт коюу максатында уюштурулганы маалыматта кошумчаланды.