
Бүгүн, 30-октябрда Казакстандын Астана шаарында өтүп жаткан дүйнө чемпиондугунда эркин күрөш боюнча 3 кыргызстандык балбан килемге чыгат. Бул тууралуу кечээ, 29-октябрда Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, балбан Өмүрбек Асан уулу мелдешти 1/16 финалдан баштап, 61 килограмм салмакта күч сынашат. 70 килограмм салмакта күрөшүп жаткан Эрназар Акматалиев мелдешти чейрек финалдан баштаса, балбан Малик Шаваев 86 килограмм салмакта 1/32 финалдан баштамакчы.
Беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 11:30да башталат.