Кечээ, 3-ноябрда президент Садыр Жапаров Талас облусунун Айтматов жана Манас райондорунун тургундары менен жолугушуусунда Гүлнара аттуу айым президенттен кызы менен күйөө баласына ырайым берүүнү суранды.
"2024-жылы менин кызым 6 жыл 8 айга соттолгон, анын жолдошу 6 жылга эркинен ажыратылган. Анткени менин кызым ошол убакта жеке стоматологиялык клиникада тиш доктур болуп иштеп жүргөн. Ал иштеген клиника менен мамлекеттик клиниканын ортосунда жасалма келишим болгон. Менин кызыма жасалма келишимге көмөктөшкөн, күйөө балама ушул келишимдин шериги деген айып коюлган. Эки клиниканын директорунун бири пробациялык жазага тартылып, экинчиси акталган",- деди тургун.
Садыр Жапаров тургундун кайрылуусун угуп, жубайларга ырайым берерин билдирди.
Эскерте кетсек, 2023-жылы декабрдын аяк ченинде наристенин өлүмү тууралуу маалыматты адвокат Канат Хасанов социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирген. Анда ата-энеси кызынын тишин тазалатканы доктурга алып барып, наркоз берилген соң кызы көз жумганын айтышкан.