Кыргызстандын инфраструктуралык долбоорлорунун жалпы жыйындысы 23 миллиард доллардан ашты. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Равшанбек Сабиров "Кабар" агенттигине берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, 2026-жылдын алты айында инвестициялардын көлөмү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 26,2 пайызга өскөн.
Ошондой эле 2023-жылдан 2026-жылга чейинки мезгилде жалпы суммасы 11,8 миллиард долларды түзгөн 88 инвестициялык келишимге кол коюлган.
Сабиров өлкөдө мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизмдери аркылуу да инвестициялык долбоорлор активдүү ишке ашырылып жатканын белгиледи. Учурда алардын саны жүздөн ашат, ал эми жалпы портфели 475 миллиард сомдон жогору.