Казакстандын Астана шаарындагы "Барыс" аренасында "Барыс" жана "Металлург" командаларынын хоккей беттешинде шайба тосмодон өтүп барып көрүүчүнүн башына тийди. Бул тууралуу казак басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, окуя 15-ноябрда болду. Жабырлануучунун жубайынын айтымында, шайба так башына тийип, кан катуу аккан.
Аренадагы дарыгерлер биринчи жардам көрсөтүп, андан соң аны "Тез жардам" унаасы менен алып кетишкени маалым болду.