Биз социалдык тармакта

Актёр Эштон Катчердин инвестициялык фондунун үлүшү 7 миллиард долларга бааланды

Голливуддун белгилүү актёру Эштон Катчер кино тармагында гана эмес, инвестиция дүйнөсүндө да ийгиликке жетишти. Маалыматка ылайык, анын Sound Ventures инвестициялык фондунун Anthropic компаниясындагы үлүшү 7 миллиард долларга жакын бааланууда.

Актёр 2010-жылдары эле Skype, Airbnb, Uber жана Spotify сыяктуу компанияларга инвестиция сала баштаган.

Ал эми 2023-жылы анын фонду Claude жасалма интеллект системасын иштеп чыккан Anthropic компаниясына каражат салган. Маалыматта компания өткөн аптада фондулук биржага чыкканы айтылат.

Катчер бул ийгилигине токтоо мамиле жасап, “баары ойдогудай болгону сонун” деп билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан