Биз социалдык тармакта

Кыргызстанда жумуш издегендер үчүн акысыз портал ишке киргизилди

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жумуш издеген жарандар үчүн jumush.gov.kg⁠ мамлекеттик порталын ишке киргизди.

Аталган портал бүгүн, 26-ноябрда Кыргызстандын Эл аралык университетинде өткөн бош жумуш орундарынын жарманкесинде тааныштырылды.

Эмгек кодексинин 16-беренесине ылайык, иш берүүчүлөр жаңы түзүлгөн же бошогон ар бир жумуш орду тууралуу маалыматты, анын ичинде эмгек шарттарын жана айлык акынын өлчөмүн тиешелүү мамлекеттик органдын сайтына жарыялоого милдеттүү.

Портал аркылуу иш берүүчүлөр бош жумуш орундарын жарыялап, ылайыктуу адистерди издеп, талапкерлер менен түз байланыша алышат.

Ал эми жумуш издеген жарандар өлкө боюнча бош жумуш орундары менен таанышып, резюмелерин жайгаштырып, иш берүүчүлөргө түздөн-түз кайрыла алышат.

Белгилей кетсек, порталдын бардык кызматтары акысыз көрсөтүлөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан