Бишкек шаарында Бейшеналиева жана Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан турак үйдөн өрт чыкты. Окуянын видеосу социалдык тармактарга тарады.
Анда күбөлөр өрттү өчүрүүгө аракет кылып жатканын көрүүгө болот.
Азырынча өрттүн келип чыгуу себептери жана жабыркагандар тууралуу маалымат жок.