Ырчы Анжелика Кайратованын кызы Айыма Бекболиева менен Нурас Сырдыбаевдин үйлөнүү үлпөт тоюнан кийин жаштар үчүн кече болду. Ага белгилүү орусиялык ырчы Егор Крид чыгармачылыгын тартуулады.
Анын тойдо ырдап жаткан видеосун бүгүн, 28-ноябрда дизайнер Арзубек VONAMA социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.
Егор Крид – орусиялык популярдуу ырчы, рэпер жана хит ырлардын автору. Ал "Самая-самая", "Невеста" жана "Будильник" аттуу ырлары менен кеңири таанылган.
Эске салсак, алардын тою 26-ноябрда Бишкектеги тойканалардын биринде өттү. Той "Гэтсби" форматында уюштурулду.