Манас шаарында алдамчылыкка шектелген эки аял кармалды. Алар кыз узатуу тоюн өткөрүп жатышканын айтып, кыз себине керектүү буюмдарды карызга алышкан. Бул тууралуу бүгүн, 28-ноябрда Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, 2026-жылдын 19-сентябрында шаар тургуну милицияга арыз менен кайрылган. Анын айтымында, мурда тааныш эмес эки аял кыз узатып жатышкандыгын айтып, ишенимине кирип, жалпы баасы 95 миң 300 сомдук буюмдарды алышкан. Алар акчасын 4 күндүн ичинде төлөп берүүнү убада кылышкан. Бирок кийин байланышка чыкпай, жашырынып кетишкен.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголду.
Тергөө иштеринин жүрүшүндө 1988-жылы туулган А.А. жана Ч.Т. аттуу аялдар 27-ноябрда кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Мындан тышкары, аларга карата ушундай эле алдамчылык фактылары боюнча дагы 4 кылмыш иши козголду. Учурда тергөө амалдары уланууда.