Бишкектин Жал-23 кичи районунда оңдоо иштеринен кийин жолдун орду калыбына келтирилбей, тургундарга ыңгайсыздык жаратууда. Бул боюнча шаар тургуну бүгүн, 29-ноябрда социалдык тармакка видео жарыялап, мэрияга кайрылды.
Анын айтымында, жолдогу таштар алынбай, тегизделбей калгандыктан, өзгөчө кечинде басып жүрүү кооптуу. Тургун кары-картаңдар жана кичинекей балдар чалынып жыгылып, жаракат алышы мүмкүн экенин белгиледи.
"Эртең менен балдарын коляска менен бала бакчага алып барган энелер үчүн аябай кыйынчылык жаралууда. Бул жерде майыптыгы бар адамдар да көп. Алар майыптар арабасы менен бул жол аркылуу көчөгө чыга алышпайт", — деген ал.
Ошондой эле айрым подъезддердин алдында пандустар жок болгондуктан, балдар арабасы менен кирип-чыгуу да кыйынчылык жаратып жатканын кошумчалады.
Шаар тургуну мэриядан алгач жолду калыбына келтирип, андан кийин калган оңдоо иштерин улантууну өтүндү.