Кечээ, 28-ноябрда, АКШнын Нью-Йорк шаарында Macy’s универмагдар тармагы уюштурган Ыраазычылык күнүнө арналган салттуу парад 100-жолу өткөрүлдү. Дүйнөгө белгилүү майрамдык жүрүштүн видеолору учурда социалдык тармактарда жарыяланууда.
Чет элдик басылмалардын маалыматына ылайык, 26-ноябрда өтүшү керек болгон иш-чара аба ырайынын катаалдыгына байланыштуу эки күнгө жылдырылды. Уюштуруучулар мындай чечимди катышуучулардын жана көрүүчүлөрдүн коопсуздугун камсыз кылуу максатында кабыл алышкан.
Мааракелик парадда 100 ири үйлөтмө фигура, кооздолгон платформалар, музыкалык топтор жана артисттер катышты. Ошондой эле белгилүү мультфильм жана кино каармандарынын түрүндөгү чоң фигуралар, музыкалык жана бий көрсөтүүлөрү тартууланды.
Белгилей кетсек, парад алгач 1924-жылы өткөрүлгөн. Бирок Экинчи дүйнөлүк согушка байланыштуу 1942, 1943 жана 1944-жылдары уюштурулган эмес. Ошондуктан быйыл бул иш-чара 100-жолу өткөрүлүп жатат.
"Мэйсинин Ыраазычылык күнүнө арналган парады" Нью-Йорктогу жыл сайын өтүүчү белгилүү майрамдык иш-чаралардын бири болуп саналат. Ал жыл сайын миңдеген шаар тургундарын жана туристтерди чогултат.