Биз социалдык тармакта

Базар-Коргондо дайынсыз жоголгон жарандын сөөгү табылды

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна караштуу Совет айылында дайынсыз жоголгон 65 жаштагы эркектин сөөгү табылды. Бул тууралуу бүгүн, 29-ноябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, 27-ноябрда болжол менен саат 09:00 чамасында Совет айылынын тургуну, 1961-жылы туулган О.Н. аттуу жаран жоголгон жылкысын издеп Шайдан-Сай жайлоосуна кеткен бойдон дайынсыз болгон. Бул тууралуу маалымат 28-ноябрда 112 кызматына түшкөн.

Биринчи күнү издөө иштерине жергиликтүү тургундар жана Базар-Коргон райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн 5 куткаруучусу тартылды. Бирок издөө иштери натыйжа берген эмес.

29-ноябрда издөө иштерине жалпы 81 адам тартылып, үч топко бөлүндү. Алардын арасында ӨКМдин 28 куткаруучусу, Ички иштер министрлигинин 28 кызматкери, бир кинолог жана 25 жергиликтүү тургун болду. Ошондой эле издөө иштеринде үч дрон колдонулду.

"Издөө учурунда саат 10:04тө Чикир тилкесинин чыгыш тарабындагы колоттон дайынсыз болуп жаткан жарандын сөөгү табылды. Ал куткаруучулар жана жергиликтүү тургундар тарабынан тиешелүү кызматкерлерге өткөрүлүп берилди", -деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан