Биз социалдык тармакта

Өлкө боюнча 90 студентке президенттик стипендия тапшырылды

Кечээ, 28-ноябрда Бишкекте өткөн "Жаратман МУУН – 2026" жаштар форумунун алкагында министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев мыкты жетишкендиктерге ээ болгон студенттерге президенттик стипендияларды тапшырды. Бул тууралуу президенттик администрация билдирди.

Маалыматка ылайык, быйыл президенттик стипендия алуу үчүн өлкө боюнча 300гө жакын студент сынакка катышып, алардын ичинен 90 студент стипендияга ээ болду.

Стипендия ээлерине кайрылган Адылбек Касымалиев президенттик стипендия алардын жетишкендиктерин, максатка умтулуусун жана тынымсыз эмгегин баалоо экенин белгиледи. Ошондой эле бул мамлекеттин жаш муунга болгон ишенимин көрсөтөрүн айтты.

Белгилей кетсек, форумда жаштарга билим берүү жана карьералык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү, инновацияларды жана ишкердикти колдоо маселелери да талкууланды.

Мындан тышкары, форумдун катышуучуларына "Эл үмүтү" эл аралык президенттик стипендиялык программасы тууралуу маалымат берилди. Программанын алкагында жыл сайын дүйнөдөгү алдыңкы 100 университеттин магистратура жана PhD (докторантура) программаларында билим алуу үчүн 50 стипендия бөлүнөт. Ар бир стипендиантка жылына 50 миң долларга чейин каражат каралат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан