Жалал-Абад облустук китепканасында кечээ, 14-февралда студенттер үчүн "Манасым" - менин мурасым" аталышындагы илимий семинар болуп өттү. Бул тууралуу бүгүн, 15-февралда мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Семинарда "Манастын" муундан-муунга сакталып, эл оозунда айтылып, ал гана эмес, дүйнөлүк ЮНЕСКОго катталгандыгы туурасында сөз болду. Ошондой эле залкар манасчы Жусуп Мамай жөнүндө маалыматтар айтылып, жаштар кызыктырган суроолоруна жооп алышты.
Иш-чаранын катышуучусу, Жалал-Абад шаарындагы Мамлекеттик тил комиссиясынын төрайымы Үпөл Асаналиева мындай иш-чаранын бүгүнкү күндө жаштарга мааниси чоң экенине токтолуп, кыргыз эли уюткулуу улуу эл жана руханий баа жеткис эпосторго бай экенин айтып өттү.