Бишкектеги Г.Айтиев атындагы Көркөм сүрөт музейинде 19-февраль күнү сүрөтчү Болотбек Жумакановдун эмгектери көргөзмөгө коюлат. Иш-чара сүрөтчүнүн 70 жылдыгына жана чыгармачылыгына 45 жыл толушуна байланыштуу уюштурулуп жатканын музейдин маалымат кызматы билдирди. Көргөзмө 6-мартка чейин уланат. Көрүүчүлөр автордун 100дөн ашык эмгегин көрө алышат.