ЖКнын Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактарды өнүктүрүү комитетинин 17-февралдагы жыйынында жазгы талаа иштери боюнча өкмөттүн маалыматы угулууда. Депутат Абдимуталип Кочкорбаев "Айыл чарба министрлигинин иши дайыма ушундай. Кагаздарда жалаң өсүш, бирок күзүндө андай болбой чыгат" деди. Айтымында, сапаттуу үрөн сепмейинче, түшүмдүүлүктү жогорулатуу кыйын.
Депутат айыл чарба жана мелиорация министринин "арпа жана буудайдын үрөнү 99 пайызга даяр" деген маалыматына ишенүү кыйын экенин кошумчалады.