“Салам, Нью-Йорк!” тасмасы аркылуу калың журтка таанылып, “Супер-Инфо” гезитинин версиясы боюнча “Жылдын супер актёру” наамына ээ болгон Бектемир Мамаюсупов Кытайдагы Синьцзян педагогикалык университетине кыргызстандык беш студентти жиберүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болду. Бул тууралуу актёр бүгүн, 17-февралда SUPER.KG порталына билдирди.
Анын айтымында, ал таланттуу жаштарды иргеп алып, тандалган беш студентти Синьцзян педагогикалык университетинде окуганга жиберет. Сынактан ийгиликтүү өткөн студенттер 2014-жылдын сентябрь айында Кытайга сапар алышат. Жарым жылда кытай тилин үйрөнүп, өз дареметин сынаган жаштар ал жакта калып, окуусун улантууга мүмкүнчүлүктөр бар. Алар ай сайын стипендия менен да камсыз болушат. “Кийинки жылдары 5 эмес, андан көп студентти жиберүү тууралуу ойлонуп жатам” дейт актёр.
Кошумчалай кетсек, сынакка жазылуу Кыргыз улуттук университетиндеги Конфуций институтунда 21-февралга чейин жүргүзүлөт. Ага 16 жаштан 30 жашка чейинкилер катыша алышат. Тандоо туру 23-февраль күнү саат 12:00дө Конфуций институтунда өтөт. Сынак 26-февраль күнү Кыргыз улуттук университетинин башкы корпусунун концерттик залында жүргүзүлөт.