Мыйзамдын максаты - Эсептөө палатасынын ыйгарым укуктары, уюштурулушу жана иштөө тартибин аныктаган “КРнын Эсептөө палатасы жөнүндө” мыйзамынын айрым жоболорун өркүндөтүү.
“КРнын Эсептөө палатасы жөнүндө” мыйзамдын 9-беренесинин 2-бөлүгү төмөнкү редакцияда берилди: “Эсептөө палатасынын түзүмү, мамлекеттик кызматчыларынын чектелген штаттык саны жана штаттык ырааттамасы Эсептөө палатасынын ишин жүзөгө ашыруу үчүн тиешелүү жылга республикалык бюджет жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамында каралган каражаттардын чегинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин тармактык комитетинин макулдугу менен Эсептөө палатасынын төрагасы тарабынан бекитилет”.
Мыйзамдын 11-беренесине киргизилген толуктоолорго ылайык, “Эсептөө палатасынын мүчөлөрү тарабынан жетектелүүчү аудитти жүзөгө ашыруу боюнча иш план аудиттелүүчү мекеменин адистешүү багыттарын эсепке алып, ар жылкы милдеттүү ротациялоо шарты менен түзүлөт” деп белгиленди.
Ошондой эле Эсептөө палатасынын аудитору президенттин, парламенттик көпчүлүктүн жана парламенттик оппозициянын сунушу боюнча Жогорку Кеңеш тарабынан кызматынан бошотулат.
50-беренеге толуктоо киргизилип, ага ылайык, Эсептөө палатасы аудитин аяктагандан кийин өткөрүлгөн аудит жөнүндө отчёт даярдайт жана Эсептөө палатасынын кеңеши аны бекиткенден кийин бир жуманын ичинде Эсептөө палатасынын расмий сайтына аны жайгаштырат.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.