Жантөрө Сатыбалдиев “Ош жана Жалал-Абад шаарлары боюнча дирекцияны жетектөөдөн баш тартсам, оштуктардын бетин карай албай калат элем” дейт    

“Убагында Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү дирекциясын жетектөөдөн баш тартсам, кийин оштуктардын бетин карай албай калат элем”,- деди ЖКнын 19-февралдагы жыйынында өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев. Айтымында, дирекциянын ишин идеалдуу деп айтууга болбойт. “Кемчиликтер бар, мыйзам бузуулар боюнча айрым кызматкерлер соттолду”,- деди Сатыбалдиев. Прокуратуранын өкүлү билдиргендей, дирекциянын иши боюнча 8 кылмыш иши козголгон.

Айта кетсек, парламентте Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү дирекциясынын иши каралууда. Аны убагында Жантөрө Сатыбалдиев жетектеген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан