Кечээ, 19-февралда
Super.kg порталына КТРКдагы "Аалам сырлары" таймашына байланыштуу чуулгандуу аудиожазуу жарыяланган. Анда уюштуруучу топ менен катышуучуларга ортомчулук кылган Дана аттуу аял таймаштын финалына өтүү үчүн катышуучудан
20 миң доллар же
1 миллион сом талап кылганы жазылган.
Интернетте бул ишти "Супер-Инфо" гезити менен Назира Айтбекованын ортосунда эки жыл мурун болуп өткөн окуяга байланыштырып, коомдун көңүлүн негизги маселеден башка нукка бурууну максат кылгандар чыгууда.
"Супер-Инфо" гезити учурда болуп жаткан окуя менен эки жыл мурун болгон окуянын ортосунда кандайдыр бир байланыш бар деп эсептебейт. Назира Айтбекова одоно тамаша үчүн өзүнүн адамдык жана жарандык укугун пайдаланып, укук коргоо органдарына кайрылган. Анын мындай чечимин "Супер-Инфо" гезити түшүнүү жана сыйлоо менен кабыл алган. Расмий түрдө кабарчылардын чектен чыккан тамашасы үчүн телеалпаруучудан кечирим сураган.
Ал эми мамлекеттик мекемеде иштеген адамдардын пара талап кылуусу, мамлекеттик мекемедеги коррупция иштери таптакыр башка маселе. Албетте, факт боюнча тийиштүү органдар териштирүү жүргүзүүсү зарыл. Эгер аудиожазууда айтылган иштер чын эле иш жүзүндө болгону анык болсо, анда кеп Коомдук телеканал аркылуу массаны алдоо, мамлекеттик мекемеде иштеп жүрүп пара алуу, мамлекеттик мекеменин кызматкеринин кызматынан кыянаттык менен пайдалануу маселесине барып такалат. Андыктан Super.kg порталы аталган аудиожазууну коомчулукка жарыялоону милдети катары эсептейт.