2013-жылы жаратылыш кырсыктарынан жабыркаган 3367 үй-бүлөгө жардам көрсөтүлгөн

2013-жылы жаратылыш кырсыктарынан жабыркаган 3367 үй-бүлөгө жардам көрсөтүүгө 418 миллион сом каржыланган. Бул акчалар узак мөөнөттүү жеңилдетилген ссуда жана кайтарымсыз түрдө берилген. Бул тууралуу бүгүн, 20-февралда Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин коллегиялык жыйынында белгилүү болду.

Маалыматка караганда, Баткен облусу боюнча 905 үй-бүлөгө (52,4 миллион сом), Жалал-Абад облусу - 333 үй-бүлөгө (46,5 миллион сом), Нарын облусу - 776 үй-бүлөгө (88,1 миллион сом), Ош облусу - 905 үй-бүлөгө (155,05 миллион сом), Талас облусу - 98 үй-бүлөгө (12,4 миллион сом), Чүй облусу - 378 үй-бүлөгө (23,2 миллион сом), Ысык-Көл облусу - 380 үй-бүлөгө (31,6 миллион сом) жардам көрсөтүлгөн.

2014-жылдын 1-январына карата ссуда менен камсыздалбаган үй-бүлөлөрдүн саны - 9471. Аларды камсыздоо үчүн керектелүүчү сумма 1,85 миллиард сомду түзөт.     

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан