Бүгүн, 20-февралда Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев эстакадалык көпүрөнүн курулушу менен таанышууда. Ал Ош шаардык архитектура башкармалыгынын кызматкерлерине курулуштун мыйзамдуулугу тууралуу суроо узатты. Натыйжада долбоорду ишке ашырып жаткан кытайлык компаниянын Кыргызстан менен келишим жок экени жана Архитектура башкармалыгы тараптан уруксат берилбегени белгилүү болду.