Бүгүн, 20-февралда Бишкектин мэриясынын басма сөз кызматы “Жал кичи районунда “Аска-курулуш” ишканасы жүргүзүп жаткан курулуштун айланасында санитардык-эпидемиялык эрежелердин бузулгандыгы аныкталды” деп билдирди.
Маалым болгондой, аталган ишкананын башкы жетекчисине "шаарлардын жана башка калк жашаган конуштардын аймагын көрктөндүрүү эрежелерин бузуу" беренеси боюнча протокол түзүлдү.
Белгилей кетсек, аталган курулуш Жал кичи районундагы №15-турак үйдүн жанында жайгашкан.