Киевде кырдаал курч бойдон турат. Митингчилер менен күч түзүмдөрүнүн ортосунда учурда кагылыш болбосо да, Майданда снайперлердин огунан набыт болушууда. Такталбаган маалыматтарда 10дой активисттин өлгөнү айтылууда. Негизинен алардын башына жана моюнуна ок атылган. Снайперлер медиктерди да, журналисттерди да атып жатышат.
Азыркы тапта нааразылыкка чыккандар Грушев жана Институт көчөлөрүндөгү баррикадаларды бекемдеп жатышат. Мындан сырткары өкмөттүк кварталда күч түзүмдөрүнүн БТРде келе жатканы маалым болгон. Майданда 10 миңден ашуун адам чогулуп турат. Саламаттыкты сактоо министрлиги каза болгондордун саны 35ке жеткенин билдирди.
Эске салсак, 19-февралда Украинанын коопсуздук кызматы террордукка каршы операциясын баштап, Майданда чогулгандарга күч колдоно баштаган.
18-февралда өлкөнүн борборундагы нааразылык акциясынын катышуучулары менен Ички иштер министрлигинин өкүлдөрүнүн ортосунда кагылышуу болгон. "Эгемендүүлүк" аянтында чогулган 20 миң катышуучуга күч түзүмдөрү чабуул жасашкан. Кагылышуу 19-февралга чейин уланган. Медиктер Майданда 1000ден ашуун адамдын жаракат алганын айтышкан.
Украинада өкмөткө каршы демонстрациялар былтыр ноябрда президент Януковичтин өкмөтү Евробиримдик менен тыгыз алака түзүүгө алып баруучу келишимге кол коюудан баш тарткандан кийин тутанган.
Декабрда Киевдин көчөлөрүндө тынч демонстрацияларга 200 миңдей киши жыйналган эле. Алар тынчтык митингин өткөрүп жатканын айтып келишкен. Бирок митинг-демонстрацияларды чектөө боюнча январдагы мыйзамдар митингчилерди кайра күчөтүп, 19-январда демонстранттар менен полициянын ортосунда кагылыш болгон.
Анда демонстранттар таш, күйүүчү май куюлган бөтөлкөлөрдү ыргытышса, тартип коргоочулар көздү ачыштыра турган газ чачып, кулак тундурган граната, союл колдонушкан. Активисттер “полиция ок чыгарганынан адамдар каза болууда” дешсе, Ички иштер министрлиги полиция кадимки окту колдонбогонун айткан.
Баш аламандык орун алган аралыкта оппозиция лидерлери менен бийлик өкүлдөрү бир нече жолу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, бир чечимге келе алышкан жок. Майдандын катышуучулары Өкмөт үйүн басып алууга аракет кылып, бир катар министрликтердин кабинеттерин талкалаганга жетишти.