Жогорку Кеңештин Коргоо жана коопсуздук комитетинин төрагасынын орун басары Ирина Карамушкина бүгүн, 20-февралда Д.Асанов атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейинин курсанттары менен жолугушту. Карамушкина аскер лицейинде тартип жолго коюлуп, жакшы тарбия менен сапаттуу билим берилип жатканын айтты. “Лицейде окуу, албетте, кыйын, бирок силер баарына чыдап, өзүңөрдүн аскердик кайратыңарды чыңдашыңар керек”,- деди ал.
Депутат менен жолугушкандан кийин курсанттар Жогорку Кеңештин имаратына экскурсия жасашты. Бишкектеги №24-мектептин окуучулары жана Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин студенттери да парламентте экскурсияда болгонун ЖКнын маалымат кызматы билдирди.