Орусияда кулчулукка кабылган кыргызстандык мекенине жөнөтүлдү. Бул тууралуу КРнын Орусиядагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 20-февралда элчиликке 1964-жылы туулган Александр Иванович Бурейко кайрылып, мекенине кетүүгө жардам берүүнү суранган. Жанында эч бир документи жок жаран 2008-жылы Орусия Федерациясына иштөө үчүн келгени белгилүү болду. Ал Дагестандагы курулуштардын биринде кул катары иштеп келгенин айткан.
“Жаңы таанышы "айына 15 миңден төлөп берүүчү жумуш таап берем" деп Дагестанга алып барган. Бурейко иштеген кыш заводдун дарегин так айта албайт. Заводго барар замат анын документтерин алып, башка адамдар менен кошо кыйын шартта күн кечирип келишкен. Качканга аракет кылгандарды таап келип, сабашчу. 2014-жылдын январь айында Өзбекстан, Украинанын жарандары менен кошо 5 адам ал жерден качып чыгышкан. Кийинчерээк бирин-бири таппай калышат. Москвага келип, Сокулук районунда жашаган апасына чалууга жакшы адамдар жардам берген” деп айтылат маалыматта.
Элчилик Кыргызстан менен байланышып, жарандын өздүгүн тактаган соң документтерин даярдап берген. 20-февраль күнү кечинде Бурейко Бишкекке жөнөп кеткен.