Прокуратура мурунку социалдык өнүгүү министри Равшан Сабировду парламент кабыл алган мунапыс тууралуу мыйзам менен бошотууга каршы. Муну 19-февралдагы ЖКнын жыйынында депутат Курманбек Осмонов билдирди. Ал эми депутат Акылбек Султанов “бирөөлөрдүн жеке таарынычтары болбосо, Сабиров мунапыска ылайык бошотулушу керек” деп билдирди.
Эскерте кетсек, Р.Сабиров менен анын жардамчысы "чет өлкөлүк бала багып алуучу уюмдан пара алган" деген шек менен айыпталып, 2013-жылы жардамчысы 3 жылга, Сабиров 5 жылга эркинен ажыратылган.