Бишкекте бүгүн, 21-февралда “Ата-энелер менен иш алып баруунун негизги багыттары, көзөмөлдөө кеңештеринин түзүмдөрү жана алардын ишин уюштуруу” деген темада семинар өтөт. Иш-чара №6-окуу- тарбия комплексинде өтүп, билим берүү министринин орун басары Догдургүл Кендирбаева, парламент депутаты Наталья Никитенко, мектеп жамааттары жана башкалар катышат.
Семинардын максаты – билим берүү мекемелеринде коомдук башкаруу системин түзүү, билим берүүнүн сапатын жогорулатуу, мектеп, бала бакчалар менен ата-энелердин ортосундагы байланышты жакшыртуу.